Бүгүн, 13-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова өлкөдө канча жаран биометрикалык каттоодон өтө электигин билбейт.
Парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Шаикова өлкөдө 3 миллион 315 миӊ 641 жаран биометрикалык каттоодон өткөнүн айтып, канча жаран биометрикалык маалыматын тапшыра электигин билбей турганын билдирди. Депутаттар муну сынга алышты.
Өлкөдө жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо, бирдиктүү электрондук база аркылуу шайлоочулардын тизмесин түзүү аракети 2013-жылы башталган. 2014-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” атайын мыйзам кабыл алынып, 1 жыл бою жарандардын өздүк маалыматын топтоо акциясы жүрдү. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана добуш беришип, добуш берүүдө автоматташтырылган урналар колдонулду. Мындан улам чет жердеги миӊдеген Кыргыз жарандары добуш бере албай калышып, нааразычылыктарды пайда кылган. Мисалы, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөдөн 15 312 гана Кыргыз жараны добуш берүүгө укуктуу болгон. Жалпы чет өлкөдө Кыргыздын 1 миллиондой жараны жашап, иштейт. Бийлик биометрикалык шайлоону таза, ачык өткөрүүнүн бир жолу деп түшүндүрсө, шайлоого катыша албай калгандар муну адам укугун чектөө катары баалашты. Бул иштер айрым учурда мамлекеттик кызматта иштегендерге кысым көрсөтүү менен да жүргүзүлдү. Алсак, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келерин айтып чыккан Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Жаӊы технология, биометрикалык базаны колдонуу менен өткөнүнө карабай 2015-жылкы парламенттик шайлоо таза өттү дегенге ишенбегендер, дегеле шайлоо системинин адилеттигине ишенбегендер азыр деле көп. Азыркыга чейин жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуз сакталышы, кайсы бир күчтөрдүн, саясий топтордун колуна түшүп калбашына бийлик тарабынан ынанымдуу жооп берилбей келе жатат.
2017-жылы президенттик шайлоодо биометрикалык каттоонун тийгизген таасири тууралуу күмөндүү жагдай жаралган. "Клооп.кг" сайты президенттик шайлоодогу үгүт учурунда шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн макала жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын сервериндеги маалыматтар "самара.кг" деген мамлекеттик эмес сайтка көчүрүлгөнү айтылат. "Бир ай ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде "самара.кг" деген сайт камтылган экен. Бул сервер аркылуу бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарын (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) табууга мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк кайсы бир талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат", - деп жазылат макалада. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери текшерүүдө бул факт аныкталбаганын билдирип, макаланы төгүндөөнү талап кылган. "Клооп.кг" сайты "биз "samara.кг" мамлекеттик эмес сайты Мамкаттоо кызматынын серверлеринде камтылганына 100 пайызга ишенебиз. Бизде төгүнгө чыгарылгыс далилдер бар" деп төгүндөөдөн баш тарткан. Жогорудагыдай күмөндүү маалыматтарга чекит коюлбай келе жатканынан улам Шаикованын "биометрикалык каттоодон канча жаран өтө электигин билбейм" дегени сындарды жаратты.
Депутаттар Мамкаттоо кызматынын ишине суроо көп экенин, андыктан бул органга барып комитеттин көчмө жыйынын өткөрүүнү сунуштап чыгышты. Буга чейин Бишкек ЖЭБиндеги, Мамлекеттик тарых музейиндеги асман чапчыган шектүү баалар депутаттардын көчмө жыйындарында калкып чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматынан да көп кызык маалыматтар чыгышы мүмкүн...
Өкмөт Кыргыз жеринде интернеттин сапатын жакшыртуу жана санариптик системди өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 миллион доллар алганы жатат. Акчанын 50 пайызы кредит, 50 пайызы грант катары берилмекчи. Тийиштүү келишим Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинде каралып, депутаттар бир добуштан колдошту. Акча алынса, долбоор 2023-жылдын жай айларына чейин ишке ашырылат. Жарандар арзан интернет пайдаланып, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырат деген убада берилди. Кредит 0,75 жылдык пайызы менен 38 жылдык мөөнөткө алынууда.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев 50 миллион доллар конкреттүү кандай иштерге жумшалары так көрсөтүлбөгөнүн, бул долбоор деле көйгөйдү чечпеген көп долбоорлордун бири болуп каларын айтып чыкты. Өкмөттүн алдындагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү экенин айтуу менен чектелди. Бишкек ЖЭБин жаңылоо деле маанилүү, зарыл иш болчу. Бирок ошол кредит кандай шартта алынып, кантип ишке ашырылды деген суроо бир жылдан бери чуу түшүп, бир нече чиновникти абакка алып барды, элдин моюнуна 500 миллион долларга жакын карыз илинди. Буга карабай өкмөт кредит алуудагы кемчиликтерди жойбой жатат. Депутаттар өкмөт сунуштаган келишимди толук курамда колдой бербей, дыкат карап чыгып, күмөндүү жагдайлар, кемчиликтер болсо аларды өткөрбөй, оңдотуу зарылдыгын бир топ окуялардын мисалында аныктады. Бирок Ак Үйдө иштегендер өткөндөн сабак алгысы келбейт көрүнөт...