Саясий күчтөрдүн курултайына экс-президент Алмазбек Атамбаев келиши мүмкүн экени айтылды

Саясий күчтөрдүн 24-ноябрда өтүүчү курултайына экс-президент Алмазбек Атамбаев келиши мүмкүн. Бул тууралуу курултайды өткөрүп жаткан уюштуруу комитетинин мүчөлөрү 13-ноябрдагы маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында, уюштуруу комитетинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сунуш киргизген.

"Бир күн мурун биздин комитет курултайдын иши боюнча жыйын курду. Ал жерде Равшан Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушканын айтты. Албетте, өз ара сүйлөшүү учурунда Атамбаевден "КСДП партиясы курултайга катышабы?" деп сураптыр. Ал киши "чакыруу кат жибергиле, биздин партия катышат" деп жооп кылыптыр. Бирок ал өзү катыша турганын так айткан эмес. Мүмкүн өзү, мүмкүн партиянын башка өкүлдөрү катышат. Биз бардык күчтөргө эшик ачабыз", - деди уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Ал эми комитеттин башка мүчөсү Турсунбек Акун уюштуруучулар президенттик аппарат менен байланышып, бийлик өкүлдөрүн да катышууга чакырып жатканын кошумчалады. "Биз КСДП партиясынын гана эмес, курултайда суроолорго жооп алуу үчүн президенттик аппараттын да өкүлдөрүн чакырып жатабыз. Керек болсо азыркы президентке жеткенге аракет кылабыз. Себеби жаштар өкүлдөрү менен, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп жатат. Эмнеге курултайга келүүгө мүмкүн болбосун. Ошондуктан биз байланып, чакыруу аракетин көрөбүз", - деди Турсунбек Акун.

Курултай Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Ага 650 адам чакырылмакчы. Анда саясий партияларга 250, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө 150, мекенчил күчтөргө 150, жеке ишкер жана саясатчыларга 100 мандат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан