Кара-Сууда жашаган жаш келиндин жансыз денеси каналдан табылды. Коңшулары ал кумшекер төгүп алганы үчүн үйүндө жаңжал болгонун айтышууда

Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум Ош облусундагы Кара-Суу районунда жашаган.

"Кызым 2-ноябрь күнү болжол менен саат 23:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз" деп келиндин атасы арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында, 3-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында Өзбекстандын Шаркан-Сай каналынан келиндин жансыз денеси табылган.

"Дайындалган экспертизанын жыйынтыгында күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Бирок кошуналарынын айтымында, ошол күнү уруш-жаңжалдын үнү угулган. Коңшуларынын айтымында, келин кумшекер төгүп алгандыгы үчүн күйөөсү менен кайненесинен таяк жеген, андан кийин жол кире үчүн 20 сом сурап кеткен.

Мындан сырткары келиндин кайненеси жана ата-энеси телефон аркылуу урушканы дагы телефонго жазылып калган. Бул фактылардын негизинде "келинди өз өмүрүн кыюуга жеткирген" деген версия каралып жатат жана күбөлөр суралып, материалдар изилденүүдө. Аталган версия далилденсе, күйөөсү жана кайненеси кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деди басма сөз катчы.

Кара-Суу районунда жашаган 21 жаштагы келиндин жансыз денеси каналдан табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
-Sumitra-
2018-11-13 17:29:26
Тообо кылдым.Азыр кайненелер да бир шумдук болуп кетип атат.Кум шекер учун куйоосу кошулуп жанжал кылганы эмнеси?Байкуш келин чыдай албаптыр да.Куноосу барлар жазасын алсын!Баарына сабак болсун.Жаткан жери жайлуу болсун!
+19
Batma08
2018-11-13 18:23:32
ХХХХХХ кайненелер тойгуздунарго...
+22
Janna07
2018-11-13 18:50:37
Кайнене бар жерде келинге тынчтык жок
+12
Kychtyy
2018-11-14 16:02:42
Janna07,шашпа сен дагы кайнене болосун. Апасы барлар не кылсын тынчылык болбойт экен деп карылар уйуно апарышсынбы. Бир аз ойлонуп жазсанар тобо.
+2
Karaan
2018-11-13 21:10:12
Ха ха. Келиндер анчалыка барбагыла. Келечекте силер да кайнэнесинер
+11
kirgizstan
2018-11-14 14:58:55
Karaan,
Байкуш келин кете берди .
0
lenin1870
2018-11-13 22:22:52
Келин кезинде кайнени жек корушот.кийинчерек оздору да кайнене болуп келинге кордук корсото башташат.буларга дуба кеткен
+11
Janel2013
2018-11-13 23:33:22
Карасуудагы өзбектер экен. Кыргыздар таарынып Россияга кетет.(өз жанын кыйбайт)
+9
xnurgul_gul
2018-11-14 05:03:30
Негизи озбек улуттундагылар жаман кылан келиндерин кыздары дагын унчукпай жашашат анткени аларда куйоого тийиш ушунчалык кымбат ошону учун уй булосун ойлобосо дагын уйдогулору короткон акчаны ойлоп кетишпейт бизде кенири эле кудайга шугур озбек эжелер айткан
0
murat17
2018-11-14 08:38:28
xnurgul_gul,туура айтасын озбектер экен негедир озбектер через чур
+1
murat17
2018-11-14 08:39:44
xnurgul_gul,андан Коро бизге токол болуп тийишсин бизде жыргал
+3
Makedonia
2018-11-14 08:50:46
)))
-1
Umakg
2018-11-14 09:04:26
Кыз кезинде жакшылен жаман катын кайдан чыкты болуптурго
-1
Flowhive
2018-11-14 09:28:26
Дедовщина
+2
aiarym
2018-11-14 09:35:13
кайран гана жаш кыйылган омур...Жаннатын берсин! Бироонун айдай кызын оз омурун кыюуга жеткирген адам кейпиндеги макулуктар, жазанарды берсин Кудай.
+2
barakcha
2018-11-14 09:35:41
Мындай туркой кайненелер кыргыздарда деле бар.Коптогон уй-булонун бузулушуна ушундай туркой кайнене соройлор себепкер болуп калат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан