Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев “УКМКнын имаратында убактылуу кармоочу жайдын жайгашканы мыйзамдуубу” деген суроо берди.
“УКМКнын имаратында убактылуу кармоочу жай бар. Бул мыйзамдуубу же мыйзамсызбы?” деп депутат Башкы прокуратуранын өкүлү Урак Абдылдаевден сурады.
Урак Абдылдаев убактылуу кармоочу жай болушу керектигин айтты. “Тыңчылык, терроризм, экстремизм боюнча ошол жакта кармалат. Ал эми экономикалык кылмышка шектелгендер ал жерде кармалбашы керек”, - дейт Башкы прокурордун өкүлү.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.