"Куугунтукка кабылган мусулмандарды коргой алган жок" деген жүйө менен Мьянманын лидери эң жогорку сыйлыгынан ажыратылды

Аун Сан Су Чжи"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжини өзүнүн эң жогорку даражадагы сыйлыгынан ажыратты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланганын чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, "Абийир элчиси" аттуу сыйлыгынан Су Чжи Мьянмада куугунтукка кабылган рохинжа мусулмандарын коргой албагандыгы үчүн ажыратылган. Amnesty International'дын башкы катчысы Куми Найду "Су Чжи өзүнүн саясий жана моралдык күчүн колдоно алган жок" деп айткан.
"Аун Сан Су Чжинин администрациясы рохинжа мусулмандарына карата Мьянманын армиясынын жек көрүүсүн ойготту, аларды тукум-курут кылып жатышат деген айыптоолорго каршы туруп, эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты", - деп жазган аталган уюм.
Аун Сан Су Чжи "Абийир элчиси" аттуу сыйлыгын 2009-жылы алган. Ал 2016-жылы Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси кызматына келген, муну менен ал өлкөнү дээрлик башкарып турат. Ал рохинжа мусулмандарын коргой албагандыгы үчүн сынга кабылып, анын айынан ушул жылдын башында "Канаданын ардактуу атуулу" наамынан кол жууган.
Окуя тууралуу:

Саясий кризиске алып келген Ракхайн штатындагы окуялар өткөн жылдын август айынын соңунда полиция бөлүмүнө болгон чабуулдан кийин башталган. Анда 12 укук коргоо органынын кызматкерлери каза болгон. Бийлик буга "Рохинжаны куткаруу армиясы" куралдуу тобун күнөөлөгөн. Рохинжа мусулмандары алардын укуктары чектелип, аларга жарандык берилбей жатканын айтышкан. Мьянма бийлиги алардын көпчүлүгү Бангладештен келген иммигранттар деп айтышкан.

Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары жүрүп жатканда каза таап, 700 миңден ашууну коңшулаш Бангладешке качууга аргасыз болгон. Бириккен Улуттар Уюму басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин "бир улутка кыргын салуу" аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2018-11-13 18:14:07
Эн туура Аллах куноолуулордун жазасын озу берсин.
+7
admin_superstan
2018-11-14 10:14:23
Mirlan27011987,
Такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!

murat17, baihan07kenjetaev, dastan.bujun,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан