Ошто жол кырсыгынан 18 жана 20 жаштагы кыз менен жигит каза болду

Ош шаарында 20 жаштагы жигит досунун унаасын айдап чыгып сүйлөшкөн кызы экөө жол кырсыгына кабылды. Кыз-жигит оор жаракаттардан улам каза болуп калышты. Бул маалыматты Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына тастыктады.

Башкармалыктан билдиришкендей, жол кырсыгы кечээ, 12-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Абдыкадыров көчөсүндөгү мечиттин жанында орун алган. Анда 1998-жылы туулган Ала-Бука районунун тургуну Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган.

"20 жаштагы Ала-Бука районунун тургуну алгач жол боюнда турган "Тазалык" ишканасынын унаасын артынан келип сүзгөн. Андан өтүп чоң даракты сүзүп, кийин дагы бир даракты сүзүп токтогон. Анын кесепетинен оор жаракаттардан улам 18 жаштагы кыз ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кечээ кечинде ал өзүнө келбей жатып, ооруканадан каза болуп калды", - деп билдиришти башкармалыктан.

Учурда чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди, бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-11-13 20:04:51
ОШол тарапта ушундай окуялар кобоюп кетпедиби?
-18
Muslim_KGstana.
2018-11-13 20:09:50
Танкы 5те бок бар бекен кочодо?Жон эле журушпойбу эми/Кимге убал?/Оздоруно ата-энесине эле кыйын болду бечаралар/
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+11
muni.98-98
2018-11-13 20:14:18
Кырсык айттырбай келет. Боодо кырсыктан жараткан озу сактасын. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
+11
tular
2018-11-13 23:17:22
Байкуштар...
0
Busi06
2018-11-14 12:43:22
Машинаны жакшы айдашты билбей эле чыгып алса керекта жолго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан