Чолпон-Ата шаарында 1 жарым ай мурун муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмү боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Облустук милициянын жетекчилиги тарабынан бул кылмыштын бетин тез арада ачуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.
"Милиция тарабынан кылмышка шектүү адамды издөө иштери улантылып жатат. Акыркы жолу бул маселе боюнча чогулуш болгондо, жетекчилик тарабынан кылмыштын бетин тез арада ачуу тапшырмасы берилди. Учурда кызматкерлер иштеп жатат. Тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга жергиликтүү тургундардын бири арыз менен кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган. Баланын туугандары ал картошка, пияз салган капка муунтулуп каза болгонун айтып, анын сүрөтүн жарыялашкан. Муунтулуп өлтүрүлгөн баланын туугандары буга чейин милиция аны туугандарынын бири өлтүргөн болушу мүмкүн деген версияны айтып жаткандыгын билдиришкен болчу.