Легендарлуу Patek Philippe щвейцар сааты Женевада аукционго коюлуп, 3 миллион 900 миң щвейцар франкына (3 миллион 865 миң доллар) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай баа дүйнөлүк рекорд болгон.
Patek Philippe аталышындагы саат алтын жана күмүштөн жасалган. Сааттын бетинде жума күндөрү, хронография жана айдын фазасын көрсөтүп турат. Аталган саат 1952-жылы чыккан. Саат 1956-жылдын 25-майында сатылып, бирок алгачкы кардар белгисиз бойдон калган.
Ал эми аукцион учурунда саатты бул жолу 3 миллион 900 миң щвейцар франкына азиат түспөлүндөгү жаш кыз сатып алгандыгы жазылат маалыматта.