Беш жаштагы бала 2 саат 26 мүнөттө 4 миң 105 жолу отжимание жасап, рекорд койду
"Чеченстандык 5 жаштагы Рахим Куриев спорттогу жөндөмү менен көпчүлүктү таң калтырат. Ал кичинекей экенине карабастан азыртадан эле шпагатка оңой отурат, колуна туруп планка жасайт", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
Эң эле таң калычтуусу - Рахим 2 саат 26 мүнөт токтобой, полдон 4 миң 105 жолу отжимание жасап жаңы рекорд койду. Рекордду Чеченстандын спорт министрлиги каттаган. Муну менен ал калмыкиялык Бата Боктаевди ашып өттү. Ал 2015-жылы токтоосуз 4 миң 50 жолу отжимание жасаган.
Рахим атайын машыгуучу залдарга барбайт. Анын тынымсыз машыгуулары атасынын көзөмөлүндө өтөт. Тынымсыз машыгуулардан улам анын денеси эмитен эле чымыр болуп калган.
Анын эми жаңы максаты - тыныгуу жасабай туруп 5 миң жолу отжимание жасап, өзүнүн рекордун жаңылоо.