Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда ар бир райондон 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин акча чогултулган. Бул тууралуу 13-ноябрда Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева айтты.
Эл өкүлү акча каражаты эмне себептен чогултулганына кызыкты.
"Ар бир райондун өкүлдөрүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин акча чогултасыңар деген тапшырма коюлуптур. Бул ишиңер менен ар бир айыл өкмөт башчыларын соттоткону жатасыңар. Мындай кылганга болбойт. Каражатты ким чогултту, каяктан таптыңар?" десем, "сизге айтмак белек, сиз депутатсыз да" деп жооп беришти. Ушундай оюндарды уюштурууда ачык-айкын кагаз түрүндө көрсөткүлө. Мындай жашыруун жасаган иш менен көпкө узабайсыңар. Силер айыл өкмөттөрүнө жүктөсөңөр, алар карапайым элди кысып жатышат", - деп депутат нараазычылыгын билдирди.
Мындан сырткары Эльвира Сурабалдиева министрлердин көмүскө жасаган ишинен улам аймактарда эл менен жолугушканда суроолоруна жооп бере албай калып жатышканын кошумчалады.