Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп, анда билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу маселеси каралып жатат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мектептерге балдар эмнеге батпай жатканын айтты. "Буга чейин балдардын мектептерге батпай жатканы, бир нече мектептердин инфраструктурасынын өнүкпөй жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн. Ошондой эле курула турган же оңдоп-түзөлө турган билим берүү объектилери тууралуу дагы маселе көтөрүлгөн. Билим берүү имараттарын куруу боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Ал эми балдардын мектептерге батпай жатканына имараттардын эскилиги, окуучулардын санынын өсүшү, ички миграция себеп болууда. 2018-жылы 2 262 мектеп иштеп жатат", - дейт Өмүрбекова.