Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ант берди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлердин ишине ийгилик каалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков дагы жаңы министрлердин ишине ийгилик каалап, берген антты аткаруу керектигин айтты. “Жаш министрлер сыноо алдында турат. Аз уктап көп иштесеңер, талыкпаган эмгек менен кадыр-барк келет, ошону унутпагыла”, - дейт президент.