Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатат. КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова өкмөттүк саатка эмне үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана каржы министри Адылбек Касымалиев келбегенин сурады. "Өкмөттүк саат "галочка" үчүн өтүп жатабы? Эмне үчүн өкмөт башчы жана каржы министри жыйынга келген жок? Жок дегенде биринчи вице-премьер-министр келиши керек. Аларды чакыртуу керек", - деди депутат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул маселе боюнча баяндамачы катары чакырылганын айтты. Ошондой эле Өмүрбекова каржы министринин орун басары дагы келгенин белгиледи.