CNN телеканалынын кабарчысы Дональд Трампты жана анын администрациясын сотко берди

Америкалык телеканал CNN'дин кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Дональд Трамп менен анын администрациясын кечээ, 13-ноябрда сотко берди. Бул тууралуу CNN'дин расмий сайтына жарыяланды.

Журналисттин Ак Үйгө кирүүсүнө президенттин 7-ноябрдагы басма сөз жыйынынан кийин чектөө киргизилген.

"CNN телеканалы Трампты жана анын бир канча жардамчысын сотко берип, тез аранын ичинде кабарчы Жим Акостун Ак Үйгө кирүү аккредитациясын калыбына келтирүүнү талап кылышты", - деп жазышат басылмалар.

CNN телеканалынын кабарчысы басма сөз жыйынында Акоста Трамптын шайлоо алдындагы сөздөрүндө эмне үчүн мигранттарды “баскынчылар” деп атаганына кызыгып, "Орусия менен болжолдуу байланышы тууралуу иликтөө чочулатпайбы?" деп сураган.

Трамп журналисттин бул суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, аны "орой жана коркунучтуу адам" деп атаган. Бул окуядан кийин CNN кабарчысынын аккредитациясы жокко чыгарылган.

CNNдин Трампка каршы жазган арызында жоопкер катары дагы беш киши көрсөтүлгөн. Алар Ак Үйдүн мурдагы аппарат башчысы Жон Келли, басма сөз катчы Сара Сандерс, коммуникациялар боюнча штаб жетекчисинин орун басары Билл Гин, Жашыруун кызматтын директору Жозеф Кланси жана анын кол алдында иштеген офицер Жон Доун.

Бул Трамп менен Акостанын ортосундагы алгачкы жаңжал эмес. 2017-жылдын башында Трамп президенттик кызматка кирише электеги маалымат жыйынында CNN кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, телеканал жалган маалыматтарды таратарын билдирген. Анда телеканалдын жетекчилиги президенттин бул сөзүн сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2018-11-14 11:20:15
Америкада соттосо соттоп деле кое берет президентти.Бизде...Унчукпайле коеюнчу.
0
almanbetperm
2018-11-14 11:24:02
ekaterinburg,бизде? Бизде сотко берип корчу ошол телеканалын менен жок кылат сотко жетпей
+2
Respect.
2018-11-14 11:30:57
almanbetperm, телеканал эле эмес сотун кошуп жок кылат...
0
ekaterinburg
2018-11-14 15:01:47
almanbetperm,ошону айтайын деп унчукпай койсо сиз айтып ийесиз да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан