Москванын тургуну ваннага толтурулган тыйынга жаңы iPhone сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, уюлдук телефон саткан дүкөнгө Москванын тургуну майда тыйындар менен толтурулган ваннаны жүктөп келген. Дүкөндүн кызматкерлери тыйындарды кол менен санап чыгууга туура келген. Бир нече саатка созулган эсептөөдөн кийин тыйындардын жалпы суммасы 100 миң рубль экени аныкталган. Бул акчага шаар тургуну жаңы чыккан iPhone XS моделиндеги телефон сатып алган.
Ваннага толтурулган тыйындар көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кызуу талкууга алынгандан кийин жаңы iPhone ээси бул акчаларды бир нече жылдап чогултканын жана муну элге таанылып, пиар жасоо үчүн кылбаганын билдирип, орус басылмаларына маек берген.