Казакстан коммуналдык кызматтарга болгон бааны кыскартканы жатат

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өкмөттүн жыйынында коммуналдык кызматтарга болгон бааны кыскартууну карап чыгуу боюнча тийиштүү мекемелердин жетекчилерине тапшырма берди. Бул тууралуу 13-ноябрда казакстандык басылмалар жазышты.

Премьердин тапшырмасы боюнча 1-декабрдан тартып Казакстандын Энергетика министрлиги менен улуттук экономика министрлиги электр жарыгы, жылуулук, суу жана телефондук байланышка болгон бааны төмөндөтүү планын киргизиши зарыл.

"Коомчулук коммуналдык кызматтарга болгон баанын ачык айкындуулугун, 2019-жылга карата түзүлө турган баалар тууралуу билиши керек. Бул тармакта жүргүзүлө турган мониторингде калктын суроо-талабы, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты өңдүү бардык маселелерди камтышы кажет", - деп билдирген Сагинтаев.

Ошону менен бирге 2 аптанын ичинде акимдерге көмүр, жаратылыш газы, дары-дармек жана башка зарыл болгон азыктардын бааларын көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан