Көрүүчүлөр 2018-жылдын мыкты тасмаларын аташты

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен 2018-жылдын People's Choice Awards сыйлыгына татыктуу тасмалар аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 12-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Моника шаарында болгон.

Жылдын мыкты тасмасы деп Марвел студиясынын "Өч алуучулар. Чексиздик согушу" аталса, "Мыкты драма" наамына Жеймс Фоулинин "Эркиндиктин 50 кыры" тасмасы татыды. Ал эми мыкты комедия номинациясында Сузанна Фогелдин "Мени алдап кеткен тыңчы" тасмасы жеңүүчү аталган. Ошондой эле көпчүлүктүн колдоосу менен эң мыкты үй-бүлөлүк мультфыильм деп "Супер үй-бүлө 2" тандалган.

Мындан тышкары, көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен мыкты актёр, актриса дагы аныкталган. Эркектер арасында "Кара пантера" тасмасында роль жараткан Чедвик Боузман аталса, айымдар арасында "Өч алуучулар. Чексиздик согушу" тасмасында ойногон Скарлетт Йоханссон эң мыкты актриса деп табылган.

People's Choice Awards сыйлыгы 1975-жылдан бери берилип келет. 2005-жылга чейин жеңүүчүлөр социалдык сурамжылоонун негизинде аныкталып келген. Кийин интернет аркылуу добуш берүү уюштурулган. Аталган сыйлык кино, музыка жана башка искусство тармагынын өкүлдөрүнө тапшырылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан