Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ван Шубао 2006-жылы унаа кырсыгына кабылып, алган жаракатынан эсине келбей комага түшкөн. Ал убакта Ван 36 жашта болчу.
Ал эми Ван Шубаонун энеси Вэй Минъин 75 жашта. Ал уулун 12 жыл күнү-түнү карап, уулу көзүн ачкан маалда дагы жанында болгон. 12 жылдын ичинде баласынын ден соолугу жакшырып кетиши үчүн колунда болгон бардык байлыгын короткон, карызга да баткан. Тамак-аш алууга каражаты жетпей бир ай жалаң суу ичип жан бакканын билдирген.
Вэй Минъинин 12 жылдан соң көзүн ачкан уулунун сакайып кетүүсүнө үмүтү чоң. Учурда баласы кыймылдап, бирок сүйлөй албайт.
"Мен абдан кубанычтамын. Уулум толугу менен айыгып кетет деп үмүттөнөм. Мен ага чейин көз жумбайм", - дейт Вэй Минъин.
Ван Шубаонун атасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Баласы үчүн бардык камкордук энесинин моюнуна жүктөлгөн.