Германияда өсүмдүктөрдүн чөбүн отой турган робот ойлоп табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, робот-фермер отоо чөптөрдөн атайын эгилген өсүмдүктөрдү айырмалай алат.
"Буга чейин отоо чөптөр менен күрөшүүнүн жападан жалгыз жолу - атайын химиялык аралашмаларды талаага чачып чыгуу болчу. Химикаттар отоо чөптөрдү жок кылганы менен өсүмдүктөргө да зыянын тийгизет. Эми жаңы робот бул көйгөйдүн баарын чечет. Бул техника эч кандай химиялык заттардын жардамысыз эле отоо чөптөрдү жок кылат", - деп билдирген ойлоп табуучулардын бири чет элдик басылмаларга.
Робот-фермер астыңкы бөлүгүндө жайгашкан камеранын жардамы менен өсүмдүктөрдү жалбырагынан айырмалап тааныйт. Зыяндуу чөптөрдү аныктаган соң диаметри бир сантиметр болгон түтүгү менен отоо чөптү 3 сантиметр тереңдикке чейин киргизип жиберет. Азырынча сыноодон өтүп жаткан техника 1 секундда 10 зыяндуу чөптү жок кыла алган.
Ойлоп табуучулар чет элдик басылмаларга билдиргендей, робот дагы 2-3 ай сынактан өтөт. Мындан сырткары, жаңы техникага башка функцияларды кошуу каралып жатат. Мунун баарын эске алуу менен робот жай айларынын аягында сатыкка чыгышы мүмкүн.