Австралияда кулпунайлардын артынан алмуруттарда да ийнелер табыла баштады

Сентябрь айында Австралиядагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн кулпунайлардын ичинен ийне чыгып, сатыктан алынып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Ал эми кечээ жакында эле кулпунайлардын ичине ийнелерди атайлап сайган деген жүйө менен кулпунай фермасынын 50 жаштагы кызматкери камакка алынган.

Ушундай эле ийнелер Австралиянын Мельбурн шаарында алмуруттарда да табыла баштаганын ABC News телеканалы айтып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган телеканалдын кызматкери Клэр Бонсер унаа айдап бара жатып алмурут жеп өзөк жалгап алууну каалаган. Бирок алмурутту тиштеген соң ичинде ийне бар экенин байкап калган.

"Ийнени көргөн соң алмурутту жаныма коюп койдум. Мен ийнени жутуп алсам же ал оозумдун бир жерин тилип кетсе эмне болмок деп ойлондум. Эң коркконум ал ийнеден оору жуктуруп алышым да толук ыктымал эле", - деп билдирген Бонсер.

Аталган факт боюнча полиция кызматкерлери иликтөө иштерин башташты. Ал эми Бонсер алмурут сатып алган дүкөндүн кызматкерлери Сифорд шаарында да кардар алмуруттан дал ушундай ийне таап алганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Benazir08
2018-11-14 16:33:36
Тообо
0
engel
2018-11-14 17:05:21
Эмнеге салды экен ийнени?
0
Janna07
2018-11-14 19:02:40
Тооба дуйно жузудогу элдин баарын олтуруп озум жалгыз жашайм деп журот окшойт
0
Kymbatym
2018-11-14 20:39:13
демек шериги дагы бар бул жалгыз эмес көпчүлүк менен уюштурулган го
0
Matahara1980
2018-11-14 21:07:55
Эми мындайды угуп алып жиндилер чыкпаса болду , алма оруко ийне тыгып, жашоо айбай опасный болуп калдыы кай жерде болбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан