Сейрек кездешүүчү күлгүн түстөгү бриллиант 50 миллион долларга сатылды

Сейрек кездешүүчү күлгүн түстөгү бриллиант 50 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Женева шаарында өткөн Christie's аукцион үйүндө Pink Legacy ("Күлгүн мурас") аталышындагы сейрек кездешүүчү бриллиант сатылган. 19 караттуу асыл ташты 50 миллион долларга "Harry Winston" ювелирдик үйү сатып алган.

Бриллиант Түштүк Африкада жайгашкан кенде табылган. Дүйнөлүк аукциондун тарыхында "күлгүн мураска" окшогон өзгөчө түскө ээ жана 10 караттан ашык болгон 4 бриллиант гана сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан