Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Эмне үчүн парламент кайсы бир адамдардын тобуна отчёт бериши керек экени түшүнүксүз"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, курултайды өткөрүү тууралуу маалымат жыйынына катышкандар өздөрү мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп келишкен. "Кайсы президент кандай иштеди деп сураганга чейин алар өздөрү мамлекетке кандай иштеп бергенин, өз ишмердүүлүгүндө эмнеге жетишип, элге кантип отчёт беришкенин айтышса болмок. Бирөөнүн ишин сындаган оңой, бирок өзүнөн баштаганы туура.

Курултайдын юридикалык статусу түшүнүксүз болуп турат. Уюштуруп жаткандардын макамы деле белгисиз. Арасында белгилүү чиновниктер болгону менен, алар Кыргыз жарандарынын тобу эле болуп калат. Эртең дагы бир топ түзүлүшү мүмкүн. Менин оюмча, парламент жарым жыл сайын шайлоочулардын алдында отчёт берип турганы оң. Жогорку Кеңештеги партиялар дагы иштеп баштагандан кийин бир жылдан соң шайлоо алдында берген убадалары боюнча отчёт берип турганы жакшы. Тилекке каршы, мындай болбой жатат. Эмне үчүн парламент кайсы бир адамдардын тобуна отчёт бериши керек экени да түшүнүксүз. Отчёт берилиши керек, бирок кеңейтилген форматта”, - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан