Окумуштуулар баштан алган жаракаттын кесепеттери кандай болорун аныкташты

Күч колдонулган мушташ, жол кырсыктарынын кесепетинен же белгисиз буюм менен башка чапкан учурда адам баласы баш сөөгүнөн жаракат алышы мүмкүн. Баш сөөктүн жабыркашы кайсы оорулардын келип чыгышына түрткү болорун окумуштуулар аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы Journal of the AmericanMedical Association журналына жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Даниялык окумуштуулар бейтаптардын баш сөөгүнүн жаракаты менен психикалык абалын текшерүү үчүн медициналык маалымдамаларды карап чыгышкан. Изилдөөчү топ адамдын жаракат алганга чейинки жана андан кийинки абалын салыштырып көрүшкөн. Жыйынтыгында баш сөөгүнөн жаракат алган адамдын оюна өз жанын кыюу тууралуу ойлор көп кездешери аныкталган.

Окумуштуулар жаракаттардын жеңил, орто жана оор деңгээлин изилдешкен. Жаракаттын деңгээли психикалык абалга да таасирин тийгизгени белгилүү болгон. Башкача айтканда, оор жаракат алгандардын психикалык жаракаты да оор болуп чыккан. Ден соолугу чың адам мурун эле психикалык жактан жабыркагандарга караганда баш сөөгүнөн жаракат алгандан кийин суицид тууралуу салыштырмалуу көбүрөөк ойлонору белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан