Сингапурлук миллиардердин кызы Монголиядагы үйү жок тургундарга боз үй белек кылды

Сингапурлук миллиардер Питер Лимдин кызы Ким Лим Монголиядагы үйсүз тургундарга боз үй белек кылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Ким Лим Монголияга барып келгенден кийин кайрымдуулук иш жасаган.

Ал Монголияга болгон сапары, кайрымдуулук иштери тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыккан. Анда Ким Лим карылар, балдар үйүнө барып тамак-аш, кийим-кече берсе, үйү жок тургундарга боз үй берген.

Ким Лим жергиликтүү маалымат булактарына кайрымдуулук иш жасоо тууралуу ой тасма көргөндөн кийин пайда болгонун билдирген. "Монголиядагы үйү жок тургундар тууралуу тасма көргөндөн кийин жардам берүү тууралуу ойлоно баштадым. Эне болгондон кийин балдарга кам көрүүнү жогору коюп калдым. Мындан улам кедей аймактарда жашаган балдарга көбүрөөк жардам берип, кубаныч тартуулагым келди. Анткени алардын келечеги бизден көз каранды. Балдар балалыгын бактылуу өткөрүүгө татыктуу", - деген ал.

Сингапурлук миллиардер Питер Лим бизнес-магнат, филантроп. Ал 2016-жылы Сингапурдагы эң бай адамдардын тизмесинде 11-орунда жайгашкан. Ошондой эле Питер Лим Испаниянын "Валенсия" футболдук клубунун 82,3 пайызына ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ali-han
2018-11-15 12:26:01
Кышында боз үйдө жашамак беле? Квартира эле алып берип койсо болмок
-12
murat17
2018-11-15 13:36:31
Ali-han, бироого
0
nargiz94
2018-11-15 14:34:34
Ali-han, илгери кышы-жайы деле боз уйдо жашап келишкен да ата-бабаларыбыз, ббоз уй деген жайкысын салкын, кышкысы жылуу дешет го, эгер сырты кийизден болсо.
+10
bond02
2018-11-15 12:29:07
Оох, мага да бир жолу белек кылсан.
-3
zzz---zzz
2018-11-15 12:32:58
Монголияда деле анчалык кыш болбойт ошол өздөрү жашаган жерге ылайык бүт шарты менен болсо керек да, а бизде анын бири да жок.
+4
Alia82
2018-11-15 12:49:23
Монголияда азыр деле боз уйдо жашашат, шаардын четинен баштап айылдардарда
+4
Matahara1980
2018-11-16 04:18:59
Молодец кыз, татына да экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан