ЦУМда телефон сатуучу менен чыккан уруштан каза болгон адамдын аялынын айыпталуучуга доосу жок

ЦУМда телефон сатуучу менен пикир келишпестиктен чыккан уруштан улам каза болгон 45 жаштагы С.З. аттуу жарандын мурдагы жубайы айыпталуучуга эч кандай доосу жок экендигин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда жогорудагы кылмыш иши боюнча соттук отурум болгон. Анда каза болгон адамдын мыйзамдуу өкүлү болгон жубайы айыпталуучуга карата жеке ачык айыптоодон баш тартканын билдирген. Ошондой эле сотто окуянын эки күбөсү суралып, 26-ноябрда болуучу соттук отурумда дагы 3 күбө сурала турганы айтылган.

Эске салсак, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калган. Кийин каза болгон жаран менен аталган соода борбордо телефон саткан сатуучунун ортосунда пикир келишпестиктер чыкканы айтылып, окуянын видеосу интернетке тарап кеткен. Ал эми каза болгон жаран акыркы жылдары борбордогу батирде жалгыз жашап келген. Анын ата-энеси каза болуп калган жана аялы менен ажырашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Mina24
2018-11-15 13:47:26
Туура олгондон кийин акчасы керек соттор адилет чечим чыгарбайтта болбосо камаш керек болчу колу менен кылдыбы мойну менен тартыш керек кан койбербейт бары бир байкосуздан болсо бир жон эле атайын
Чапканда
+15
baihan07kenjetaev
2018-11-15 13:47:55
Ажырашып кеткен аялына баары бирда, акчаны олчойто алып доом жок деп коётда, башка тууган уругу жок бекен байкуштун. Доосу барбы жокпу андан сурабай эле мыйзамдын негизинде жазасын бергиле.
+25
Alixan-Nookat.2015
2018-11-15 14:14:40
Ал аялды акча менен алдап койдуда анын үстүнө мурдагы аялы болсо. Арыз доосу жок болсода камалышы керек тиги көөп кеткен акмак
+14
bond02
2018-11-15 14:20:57
Ачык эле айта бергиле да эми, канчага баалаштынар.
+17
Take_men
2018-11-15 15:07:17
Аялына квартирасы калып атса берки долларды сунуп атса болду да. Ага баары бир. Жашоо керемет. Доосу жок болсо дагы жазаланышы керек өлтүргөн адам
+8
Chagylgan2
2018-11-15 15:18:15
Демек Жогорку Соттогу кузгундар айыпталуучуну/кылмышкерди актоонун амалын коруудо. Бул айкын боло баштады. Маркум аялы менен ажырашып кеткенин, озу жалгыз жашап келгенин сот биле туруп, маркумдун экс жубайын каза болгон адамдын мыйзамдуу окулу деп жарыялоодо. Андан ары маркумдун экс аялынын ацыпталуучуга доосу жок экенин билдиришуудо. Ошону менен тосмо арыз алып, айыпталуучу киши олтургонуно карабай, сот, болгондо да Жогорку Сот айыпталуучуну актоонун амалын кормокчу.
+6
Matahara1980
2018-11-15 15:32:58
Кыргызстанда адам олтурсонда без проблем акчадан ыргытып койуп спокойна чыгып кетесин, так что аман эле болсун КГнын ириген чириген соттору
+12
Alia82
2018-11-15 16:27:55
Доосу болмок турсун ичинен ыраазы болуп аткандар ал кв.сы калды, аз келгенсип акчаны алды
+8
Benazir08
2018-11-15 16:43:54
Ажырашкан аялы буд жерде при чём? Шарт эле пайда боло калат анда ал олгон киши жалгыз калса акыры олуп тыныптыр да. Бир тууган ата эне катын бала чаканы жадаткан неме окшойт да кудай сактасын эми. Бир туугандары сотко берсин Ажырашкан аялын ортого сала койбой
+1
Aikaaaa
2018-11-15 16:47:15
Ал кишинин ажырашып кеткен аялынан сурашпай, туугандары чечиш керек
+6
Abdizhapar
2018-11-15 16:55:47
Бул жерде аялынын тосмо арызынын кереги жок да аялыга акча болсо болду дагы башкага тийип ала берет
+8
Abdizhapar
2018-11-15 16:57:10
Аялынын арызына карап бошоткон болсонор бошоткондорду олтургонду кудай жазалайт
+6
Chagylgan2
2018-11-15 18:30:23
Демек мындан чыкты, кароосуз адамдарды, бомждарды олтурсо боло берет экен да ээ, сурап алаар жакындары жокторду...

Мышык, ит олтургондор жазасын алат да, адам олтургондор акталып кетеби?!!

Адам омуру жаныбарлардын олумунчо да жокпу?!!

Адам олтургон же адам олумуно себепкер болгондор "доосу жок" деп акталып кетсе, адилеттуулук кайда калат?!!

Айтор, акчан болсо, таанышын болсо адам олтурсон да акталасын, тааныш-билиш, акчан болбосо тоок
+5
BekAmir
2018-11-16 02:32:36
Адам омурунон кымбат эч нерсе жок!!! Жашабаган аялынын доосу жок деп акчаны алып коё бергиле кылмышкерди
+2
Kroxa
2018-11-16 08:30:37
Аялынан башка жакын туугандары жокко маркумдун болбосо ажырашкан аялынан эмнеге доосу бар жогун сурашкан..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан