Британиялык Шэрон Спинкс кызын 9 жашка чейин эмизген. Бул тууралуу ал "This Morning" ток-шоусунда билдирди.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы Спинкс өз каалоосу менен кызын 9 жашка чыкканга чейин эмизген. Бул жылдар аралыгында анын сүтү тартылган эмес.
"Кызым өзү эмчектен чыгууну каалаган жок, ага сүт менен азыктанган жакчу. Мен сүтүм менен кошо кызыма өз мээримимди, сүйүүмдү бере алдым деп ишенем", - деп билдирген Спинкс.
Ток-шоуго келген коноктор 9 жашка чейин эмизүү баланын психологиясына өзүнүн терс таасирин тийгизерин билдиришкен. Ошондой эле мунун айынан кыз бала курдаштары менен тил табыша албай, коомго аралашуусу кыйынчылык жаратарын кошумчалашкан.
Ал эми Шэрон Спинкс өз кезегинде кызы катардагы курдаштарынан эч айырмаланбасын айтып, ал дайыма жайдары, жакшы маанайда жүрөрүн жана аларга салыштырмалуу көп ооруй бербегенин айткан.