"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Ысык-Көл облусунун тургуну карапайым эл көмүр тартыштыгынан жапа чегип жатканын билдирген.
"Көмүр тартыш болуп, карапайым эл кыйналып жатат. Анда-санда келген көмүрдүн баасы кымбат, коюлган бирдиктүү баа жок. Тоннасын 4000-5000 сомдон сатып алып жатабыз", - деп билдирген окурман.
Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик мекемесинин пландоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Өмүрбаев SUPER.KG`ге өлкөдө көмүр тартыштыгы болбош керек деген пикирин билдирди.
"Бул жылкы план боюнча 450 миң тонна көмүр даярдоо каралган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң тоннага көп. Даярдоо иштери пландалганга караганда 117 пайызга эрте бүтүүдө. Андыктан өлкөдө көмүр тартыштыгы болбошу керек эле.
Көмүрдүн баалары тууралуу айта турган болсом, "Кара-Кече" кенинен чыккан көмүрдүн баасы ордунда 1300 сомдон сатылып жатат. Көмүрдү аймактарга ташый турган унааларыбыз жок болгондуктан таратуу иштерин жеке фирмалар аткарууда. Алар чыгымын эсептеп көрүп, ошого жараша өз бааларын коюп жатышат. Биздин бааларды көзөмөлдөөгө укугубуз жок", - деди Нурлан Өмүрбаев.
Ал эми Монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы көмүрдүн быйылкы жылкы баасына болгон чек азырынча коюла электигин билдирди.
"2018-жылга карата көмүрдүн баасына азырынча чек коюла элек. Бул үчүн биздин агенттикке өкмөттүн атайын тапшырмасы келиши керек" деди басма сөз катчы.
Өкмөт бекиткен баага ылайык, былтыр 1 тонна көмүрдүн баасы:
- Бишкек шаарында 3 миң 800 сомдон 4 миң сомго чейин;
- Чүй облусунда 3 миң 900 сомдон 5 миң сомго чейин;
- Ысык-Көлдө 3 миң 500 сомдон 6 миң 500 сомго чейин;
- Таласта 4 миң 700 сомдон 6 миң 700 сомго чейин;
- Нарында 2 миң сомдон 4 миң 250 сомго чейин;
Жалал-Абадда 4 миң 430 сомдон 6 миң 80 сомго чейин;
- Баткенде 3 миң 570 сомдон 7 миң сомго чейин;
- Ош облусунда 1 миң 500 сомдон 6 миң сомго чейин;
- Ош шаарында 4 миң 400 сомдон 5 миң 200 сомго чейин сатылган.