2 миллионго жакын казакстандыктар жаңы алфавитте жат жазуу жазышты

2 миллионго жакын казакстандыктар жаңы алфавит менен бүткүл элдик жат жазуу жазышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Аталган акция өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, бир эле учурда 2 миллионго жакын адам жат жазуу жазган. Өлкөнүн маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын билдиргенине ылайык, казак тилинин латын жазуусуна өтүшү бул Казакстандын руханий жаңылануусу болуп эсептелет.

Жат жазууга окуучулардан тартып депутаттарга чейин катышкан. "Руханий агартуу" аталышындагы жат жазуу 800 сөздөн туруп, аны жазуу 30 мүнөткө созулган.

Айта кетсек, 2018-жылдын 20-февралында өлкө президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы вариантын бекиткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан