Жалал-Абад шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 14:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу өзүн жаман сезип унаасын башкара албай калган. Кырсыктан Фольсваген Жетта жана Део Матиз унаалары да зыян тарткан.
Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 2 киши жана бир бала ар кандай жаракаттарды алган. Кырсык Жусуп Бакиев жана Александр Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өрт өчүрүү кызматынын жанында болгондуктан жабыркаган адамдарга биринчи жардамды өрт өчүрүүчүлөр көрсөткөнүн күбө кошумчалады.