Рамзан Кадыров 4 миң 105 жолу отжимание жасап, бирок "Гиннесстин рекорддор китебине" кирбей калган балага унаа белек кылды

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров 2 саат 26 мүнөт бою дем алуусуз 4 миң 105 жолу отжимание жасаган 5 жаштагы Рахим Куриевге унаа белек кылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин Куриев отжимание жасап дүйнөлүк рекорд койгону маалымдалган. Бирок атайын коммиссия кайсы бир себептерден улам Куриевдин көрсөткүчү катталбагынын билдирген.

Өз сөзүндө Рамзан Кадыров Куриев эң мыкты мактоолорго жана шарттарга татыктуу экенин айтып, атайын комиссия үчүн рекордун кайрадан кайталап берүүгө күчү жетерине ишенерин билдирген.

Жаш балдар арасында отжимание жасоо боюнча рекордду буга чейин калмыкиялык Бату Боктаев койгон. Бату 2015-жылы 4 миң 50 жолу отжимание жасаган. Ага чейин эң күчтүү бала деп украиналык Андрей Косташ эсептелчү. Жети жашар бала 4 миң жолу отжимание жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ikitaidesu
2018-11-15 20:05:32
Мына ушундай мотивация берип турган адамдар көбөйсүн!!!
+9
Megapoliz
2018-11-16 00:24:59
Каттууго 4000 Минди жасаса тан калбай Айла жок..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан