Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригестин колун сурады

"Ювентус" футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу португалиялык "Correio da Manha" басылмасы жазууда.
Маалыматка ылайык, Роналду кызынын апасы Жоржина Родригеске турмушка чыгуу тууралуу сунуш киргизип, "макул" деген жооп алган. Азыркы тапта үлпөт тойдун убактысы так айтыла элек.
Айта кетсек, түгөйлөр 2016-жылы сүйлөшө башташкан. Бир жылдан ашык убакыттан соң алар Алана-Мартина аттуу кыздуу болушкан.
Криштиану Роналду 4 баланын атасы. Алгач спортчу ата статусуна 2010-жылдын 17-июнунда ээ болгон. Азыркы убакытка чейин баланын апасы ким экенин Роналду сыр бойдон сактап келет. Андан соң футболчу карын эне жалдап, Маттео жана Эва аттуу эгиз балалуу болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asil-08
2018-11-15 19:01:03
Эми ушул кантип жашоо болсун, балдары апасыз чоңоюп жатышат.Тобоо кылдым.
+1
gugu2727
2018-11-15 19:40:43
Бугун Жер титиреди очогу каерде болду экен
0
bond02
2018-11-15 19:45:40
Мен деле футбол ойноп койбой жашымда.
+4
ludimira
2018-11-15 23:41:06
Булар жашап,тороп,балалуу болуп баардык кызыкты татып коруп анан ...уйлонгон свадьба деген кандай болду экен деп же акыркы ойлонот...кимдики туура биздики же алардыкы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан