Интернетте "2 Кыргыз жараны Орусиянын аймагында жол кырсыгынан каза болду" деген маалымат тарап жатат

Интернет тармактарында Орусияда болгон жол кырсыгы тууралуу видео тарады. Анын авторунун айтканына таянсак, жол кырсыгы Орусиядагы унаа жолдордун биринде катталган, бирок видеодо сүйлөп жаткан адам окуянын качан болгонун айткан эмес.

Жол кырсыгы Ленинск-Кузнецкий жолунда орун алып, кырсыктаган Toyota үлгүсүндөгү унаанын номери Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү экени көрүнөт. Ошондой эле бул видео аркылуу автор кырсыктан каза болгон жарандардын жакындарын табуу керектигин айткан.

SUPER.KG порталы интернеттеги бардык тармактар аркылуу тарап жаткан бул маалымат боюнча Кыргыздын Орусиядагы элчилигине кайрылды. Азырынча жооп бериле элек.

Эскертүү! Видео редакциянын эрежесине туура келбегендиги үчүн жарыяланган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Take_men
2018-11-16 10:56:32
Жапжаш балдар экен. Арты кайырлуу болсун
+1
Benazir08
2018-11-16 11:07:09
Кыргыз эмес окшойт
+3
kirgizstan
2018-11-16 11:35:28
кудай озун сактай кор
+1
bond02
2018-11-16 12:09:18
Номер КР бирок ичиндегилер кыргыз эмес, кечээ видеосун кордук эле.
+1
Eli.91
2018-11-16 14:23:00
Видеонун акырында кыргыз эмес деп уктум эле,тажик же озбек болушуда мумкун тустору озбектерге окшош экен.
0
abusait
2018-11-16 16:28:57
Кыргыз паспортун сатып алгандарго чамасы..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан