Фейсбуктагы мессенжерде жаңы жөнөтүлгөн катты кайра өчүрүп салуу функциясы ишке кирет

Эми Фейсбуктагы мессенжерден жөнөтүлгөн каттарды кайра өчүрүп салса болот. Бул желеде мындай функция пайда болгонун чет элдик маалымат булактары жазууда. Азырынча Фейсбуктун жаңы функциясы Польша, Колумбия, Боливия жана Литвада ишке кирди.
Адашып жөнөтүлгөн же дагы кайсы бир себептер менен артка алуу керек болгон каттарды, сүрөттөрдү колдонуучу он мүнөт аралыгында өчүрүп салса болот.
Тармактын бул кызматын иштеп жаткандар жакынкы аралыкта мындай мүмкүнчүлүк бардык өлкөлөрдөгү колдонуучуларга жеткиликтүү болушуна аракет кылып жатышканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан