Apple компаниясы тасма тартуу менен алектене баштайт, бул үчүн алар фильм тартуу менен алектенген А24 компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу CNBC телеканалы жарыялады.
Маалыматка караганда, компания тарабынан тартылган алгачкы тасмалар жана шоу берүүлөр көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Мындай кадамга компания аудиториянын ишенимине кирүү үчүн жасап жаткандыгы айтылган. Ал эми аталган иштин башка жагдайлары тууралуу азыр белгисиз.
Айта кетсек, буга чейин Apple компаниясынын башкы дизайнери 250 миң долларлык нике шакегин коомчулукка көрсөткөн.