Белгилүү ырчы Виктор Цой жол кырсыгына учураган Москвич үлгүсүндөгү унаанын номери аукциондо 2 миллион рублга сатылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аукцион "Литфонд" соода үйү тарабынан жүргүзүлгөн. Номер баштапкы баасында эле сатылган. Ушул эле аукциондо унааны башкаруу үчүн жазылган ишеним кат 2 миллион 600 рублга сатылган. Бирок ырчынын өлүмү тууралуу күбөлүк жана анын сүрөттөрү сатылган эмес.
Виктор Цой - ырчы, "Кино" рок тобунун негиздөөчүсү. 1990-жылдын 15-августунда балык уулап келе жатып жол кырсыгына кабылып көз жумган. Ырчы башкарып келе жаткан унаа автобусту сүзгөн.