Дэвид Хокни дүйнө жүзүндөгү эмгектери эң кымбат бааланган сүрөтчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, сүрөтчүнүн "Эки адамдын сөлөкөтү бар бассейн" деп аталган сүрөтү Christie's аукционунда 90 миллион 300 долларга сатылган. Аталган сүрөттү эки жашыруун сатып алуучу 9 мүнөткө чейин талашкан. Сүрөттү сатып алган адамдын аты-жөнү сыр бойдон калууда.
Айрым маалыматтарга караганда, сүрөттү британиялык миллиардер Жо Льюис сатып алган. 2018-жылы Льюис британиядагы эң бай адамдардын тизмесинде 12-орунду ээлген. Анын байлыгы 5 миллиард долларга бааланган.
81 жаштагы Дэвид Хокни азыркы замандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири. Британияда ал XX кылымдын эң таасирдүү адамдарынын катарына кирген. Сүрөтчүнүн эмгектери дүйнө жүзүндөгү эң ири музейлерде коюлган.