ЭЛДИК КАБАР: Аймактарды өнүктүрүү жылында Ош облусунун Фуркат айылынын тургундары арыктагы мал ичкен сууну тундуруп ичишет

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында көйгөйлөр көп. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"Фуркаттагы айланма жолдон өткөндө Алиханов көчөсүндөгү жаңы жер тилкеде 150гө жакын түтүн бар. Бизде жол сары топурак. Таза суу жок. Унаасы бар тургундар 5 чакырым алыстыктан алып келип ичишет. Унаасы жоктор каналдагы мал ичкен сууну алып, тундуруп ичебиз.

Бизди ким карайт, качан карайт? Таза суу маселесин ким чечип берет? Аны эч ким билбейт. 3 чакырым алыстыкта мектеп жайгашкан, айылыбызда мектеп жок. Балдарыбыз 3 чакырымга жөө басып, Момбеков атындагы мектепке түшүп окушат, маршруттук каттам жүрбөйт. Электр энергиясын эл өз чөнтөгүнөн 16 миң сомдон чогултуп тарттырды", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Фуркатта мектеп, таза суу, маршруттук каттам жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursiyanur
2018-11-16 23:37:27
Аккан сууда арам жок,тигилер башка нерселер менен убара
+1
almanbetperm
2018-11-17 00:28:20
Соороштун бир созу бар эле, президент болсом эле бардык айылда таза суу чыгат деген бирок андай эмес эле тескери баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан