Бир жыл мурун: Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкенине 1 жыл болду

Бир жыл мурун, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришүү аземи болуп өткөн. Бул күнү ал өлкө башчынын ыйгарым укуктарына ээ болгон. Буга байланыштуу бир жыл мурдагы инаугурацияга байланыштуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Жээнбековдун жеңиши

2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 2 аптадан кийин, тагыраагы, 30-октябрда жарыяланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22 пайызынын, Өмүрбек Бабанов 33,83 пайызынын, Адахан Мадумаров 6,57 пайызынын, Темир Сариев 2,55 пайызынын, Таалатбек Масадыков 0, 64 пайызынын жана Улукбек Кочкоров 0,5 пайызынын добушуна ээ болушкан. Булар шайлоодогу негизги талапкерлер эле. Жыйынтыгында 2016-жылдан апрелинен 2017-жылдын августуна чейин премьер-министр болуп иштеп келген "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" талапкери Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган.

Шайлоодон кийинки КСДПнын штабында болгон маалымат жыйын.Роза Отунбаева чакырылбаган "менчик" инаугурация

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү иш-чарасы 2011-жылдын 1-декабрында өткөн. Мыйзамга ылайык, ал толук 6 жыл өлкөнү башкарышы үчүн 2017-жылдын 1-декабрына чейин өлкө башчы катары иштеши керек эле. Бирок Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген. Ошол учурдагы президент Атамбаев аталган аземди уюштуруу боюнча жумушчу топ түзүп, ага ошол учурда президенттин жакын адамдары болгон Алмаз Үсөнов, Икрамжан Илмиянов, Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев сыяктуу бир топ аткаминерлерди киргизген. Алгач аземди уюштурууга 13 миллион сом коротулат деген маалымат тарап, кийин президенттик аппарат муну төгүндөп, 8 жарым миллион сом гана жумшаларын жарыялаган.

Президенттик кызматка расмий киришүү аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, чет өлкөлөрдүн элчилери баш болгон 450 адам катышып, бирок экс-президент Роза Отунбаева чакырылган эмес. Коомчулуктун сынынан кийин президенттик аппарат "экс-президентти чакырууну унутуп калыппыз" деп айткан. Аземге кошуна жана кызматташ мамлекеттердин өлкө жетекчилери да чакырылган эмес. Атамбаевдин чет өлкө лидерлери жана айрым ички саясатчылар менен болгон мамилесинин начарлаганын эске алып, коомчулукта "бийлик өзүнө жакын адамдарды чакырып, мамлекеттик маанилүү инаугурацияны менчик иш-чарасындай өткөрүштү" деген сындар айтылган.

Экс-президент "Соке досум" деп бата берип...

Кызматка киришүү аземине Алмазбек Атамбаев негизги каарман катары катышып, досу, партиялашы, кызматын улантуучусу Сооронбай Жээнбековду президент болушу менен куттуктап, батасын берген. Ал өз сөзүндө Сооронбай Жээнбековго "Соке досум" деп кайрылган. "Жараткан Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктан сакта, душмандын жалаасынан сакта, дос көрүнүп кас болгондордон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, жолуң шыдыр болсун. Жараткан ар дайым сени колдосун. Аман бол, бактылуу бол, Соке досум. Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум", - деген Атамбаев.

Жээнбековдун убадасы: "Ак Шумкар" бериле элек Атамбаев

Президенттик кызматка киришип жатканда Жээнбеков Атамбаевдин өлкөгө кошкон салымын жогору баалап, аземде ага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүүнү убадалаган. "Менин кызматка киришкендеги алгачкы буйругум ушул болот" деген Жээнбеков. Президент аталган сыйлык боюнча жарлыкка кол койгонун 27-ноябрда өлкө башчынын аппараты тараткан. Бирок "Кыргыз Республикасынын Баатырларына" берилчү "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси 1 жылдан бери Атамбаевге тапшырыла элек. Буга чейин аталган маселени КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина парламентте көтөрүп чыгып, "бир жыл өтсө да бул буйрук аткарыла элек" деп сындаган. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси Тарых музейинин ачылышында тапшырылмакчы. Бирок ал качан ачылары белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан