АКШнын Калифорния штатындагы ноябрдын башында чыккан өрт кырсыгынан көз жумгандардын саны 79га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, дайынсыз жоголгондордун саны 1276 адамга чейин жеткен болушу мүмкүн.
"Штаттын түндүгүндөгү өрт аталган аймактагы эң ири кырсыктардын катарына кирди. Учурда күйгөн жердин аянты 500 чарчы чакырымга жетти. Жабыркаган турак жайлардын саны болсо 9,8 миңге барабар", - деп жазылат маалыматта.
Узак мөөнөткө созулган тилсиз жоонун айынан аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, президент Дональд Трамп ири каражат бөлүп берди.