Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин 2019-жылы Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Цзиньпин аталган маалыматты Папуа-Жаңы Гвинея мамлекетинде Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин менен болгон жолугушуусунда айткан.
"Си Цзиньпинге чакырууну Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын берген. Кытай жетекчиси 2019-жылы Түштүк Кореяга да сапар жасоону пландоодо", - деп жазылат маалыматта.
Кытай жетекчиси Түндүк Кореяга акыркы жолу 2005-жылы барган. Ал учурда Кытай Эл Республикасын Ху Цзиньтао башкарып турган.