Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Москвада ооруканага түштү

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Москвада ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Янукович ооруканага 16-ноябрда жаткырылган.

"Айрым маалыматтарда Янукович омурткасы менен тизесинен жаракат алып, ооруканага түшкөнү айтылууда. Ал теннис аянтында жаракат алган деген маалыматтар бар", - деп жазышат басылмалар.

Виктор Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болуп иштеген. Ал 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Орусияга качып барып, баш калкалап жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан