АКШда үй-бүлөлүк селфи жаранды абакка отуруудан сактап калды

Техастын жашоочусу Кристофер Прекопия айыпталып жаткан кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин селфинин жардамы менен далилдеди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жигит анын мурунку сүйлөшкөн кызынын өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан. Кыз полицияга кайрылып Кристофер анын үйүнө кирип аны сабап, андан соң кагаз кескен бычак менен анын төшүнө жазганын айткан.

"Айып Кристоферге кыздын сөзүнө таянып тагылган. Ал эми жигит ал күнү үй-бүлөсү менен эс алууда болгонун айткан, буга карабай полиция аны камакка алган. Өз кезегинде айыптоочулар соттон Кристоферди 99 жылга эркинен ажыратууну талап кылышкан", - деп жазылат маалыматта.

Кристофердин кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин анын апасы далилдеп берген. Ал кызга кол салуу болгон күнү үй-бүлөсү менен ресторанда тамактанып, сүрөттү социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөнүн айткан. Полиция кызматы кайрадан териштирүү иштерин жүргүзүп баланын кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин аныкташкан.

Ал эми кыз бардык нерсени мурунку жигитинен өч алуусу үчүн ойлоп чыгарганын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
PROS
2018-11-19 08:01:58
Эми кыздын өзүн 99 болбосо да 45 жылга эркинен ажыратууну талап кылыш керек, жалган жалаа койгону үчүн!
+12
aman0296
2018-11-19 10:38:48
Супер туура эле жаздынарбы 99 жылга деп?
+1
Alia82
2018-11-19 08:16:11
Ресторанда видоеобайкоо жок бекен селфисиз деле далилдесе болмок да
+8
Benazir08
2018-11-19 10:23:46
Ииий жакшы го адилеттуулук бар экен да бизде болсо шап жабыышып карапайым элди жон эле камайт. Точно ошол кызды озун камаш керек. Жигит мололец экен да уйбулосу мн эс алса. Наркы кыз куйгончолук бар окшойт да озуно чала
+1
akylbek.kg
2018-11-19 18:43:13
Селфи дагын да кобойт го)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан