Ошто азан айтуу боюнча сынак өткөрүлөт

Ош шаарында облустук деңгээлдеги азан айтуу боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-декабрда өтчү "Азирети Билал р.а." аттуу азан сынагын Ош облустук казыяты жана "Мухаммед-Умар Ош" коомдук бирикмеси уюштурууда. Сынактын негизги максаты – азандын маани-маңызын элге жеткирүү жана азанды туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо.

"Сынактын биринчи этабы райондордо өтөт, ал жактан тандалгандар облустук турга келет. Сынакка мечит, медреселердин азанчылары гана эмес, азанды көркөм, туура окуган катардагы адамдар да катыша алат. Жашка чектөө жок. Катышуучулардын дареметин атайын түзүлгөн калыстар тобу карайт", - деп билдиришти муфтияттан.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
yrmat88
2018-11-19 12:09:09
Дин - бул жон гана адамдардын сокур кыялы. Диндеги кооз айтылган создорду динчилдер жон гана кыялданып журо беришет. А бирок ошол кыялдар эч качан ишке ашпайт. Азандын узун мечиттин ичинен гана айтырыш керек.
-5
Merch
2018-11-19 12:29:48
yrmat88, Дин менен жашаган адам менен динсиз жашаган адамдын айырмасын көрүп эле жүрөбүз го. Өзүңчө акылдуу боло бербе...
+2
Kairat1996
2018-11-19 12:44:51
Merch,
Сизге кошулбайм. Куранды да, жана башка диний жоролголорду кыргызча эле окуш керек. Куранды кыргызча которо келсен жонокой эле создор экен. Кыргыздар андан да сонун создор менен бата айтып келгени чын. Мечиттерде молдолор алланын созу деп коюшуп, чынында арабтардын гана коз карашын тануулап жатышат. Кыргыз болсон эле Кудайды арабча таанууга милдеттуу эмеспиз. Кыргызча ишенип, жаназасын да кыргызча откорсо болот.
-4
admiral
2018-11-19 21:35:25
Kairat1996,Тообо келтир..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан