Табиятынан күлө албаган мырза өзүнүкүндөй оорудан жабыр тарткан аялга үйлөндү

Табиятынан күлө албаган мырза өзүнүкүнө окшош оорудан жабыр тарткан аялга үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Британиялык 45 жаштагы Алекс Баркер жана 38 жаштагы америкалык Эрин Смит "Мёбиуса" (бет нервдеринин жабыркашы) оорусунан жабыр тартышат. Аталган оорунун айынан түгөйлөр жүзүндөгү мимикасын өзгөртө алышпайт. Мындан сырткары ал адамдын сүйлөөсүн начарлатат жана башка да оорулар менен коштолушу мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө аталган оорудан миңге жакын адам жабыр тартат. Баркер жана Смит атайын сайттан таанышкан. Алар 4 жолу жолуккан соң үйлөнүүнү чечишкен. Дарыгерлердин айтымында, түгөйлөрдүн балдары аталган оорудан жабыр тартышпайт, анткени оору тукум куубайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2018-11-19 12:17:45
Терминатор экен да.
-2
Nanei
2018-11-19 15:18:23
bond02,таба кылбай тобоо де,муну оору деп коет.
+3
Batma08
2018-11-19 12:19:29
тооба
0
Benazir08
2018-11-19 14:06:17
Укмуш го тообо ушунчана шугур
0
aerforce
2018-11-19 16:43:23
Бактылуу болушсун бирок оорууга күлгөн болбойт капыстан конокко кирип калсаң экөөсү ушинтип турса
0
gulzalin
2018-11-19 17:33:45
Бактылуу болушсун!
0
Siren90
2018-11-19 21:11:10
Тукум куубаганы жакшы экен, дени САК балалуу болушсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан