Бүгүн, 19-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишиндеги негизги күбө Леонид Маевский Орусияда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бирөөнү опузалап 37 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Ага "өзүнө ыйгарып алуу максатында ири өлчөмдөгү мүлктү опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү башталды. Эгер күнөөлүү деп табылса Маевский 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Леонид Маевский деген ысым Кыргыз коомчулугуна 2017-жылдан бери жакшы белгилүү. Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов ушул адамдын жазган арызы жана көрсөтмөсүнүн негизинде 8 жылга соттолуп кетти. УКМКнын маалыматы боюнча, Маевский 2017-жылы "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп арыз жазган. Тагыраагы, Маевский "Мегаком" компаниясын башкарууга укук берүү үчүн Текебаев андан аталган сумманы алып, бирок убадасын аткарбай койгонун айтып чыкты. Тергөөдө, соттук териштирүүдө Текебаевдин 1 миллион доллар алганы көпчүлүк ишене турган далилдер менен тастыкталган жок. Күбөлөрдүн көбү сотто Текебаев менен Чотоновдун пайдасына көрсөтмө берип, аларга саясий куугунтук жасалып жатканын ачык айтышты. Мисалы, Маевский Орусияда чырдан башы чыкпаган күмөндүү адам экени, анын арызына таянып Текебаев менен Чотоновго иш козгоо катачылык экенин айткандар көп болгон. Эгер Текебаев коррупцияга айыпталса, анда Маевский да пара берген адам катары айыпталышы керектигин айтып жатышты. УКМКнын ал кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев менен ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева Маевскийдин статусу - арыздануучу экенин айтып, ага чаӊ жугузбоонун амалын издегени Кыргыз коомунда катуу сындарды жаратканы белгилүү. Былтыр депутаттар Текебаевге ачылган иш боюнча Маевский арыздануучу эмес, кылмыштын катышуучусу экенин айтып Сегизбаев менен Жолдубаеваны ынандыра алышкан жок. Алар Маевский пара берүүгө айыпталабы же жокпу, териштирүүдө аныкталат дешкен. Күтүлгөндөй эле Маевскийдин аракетине юридикалык баа берилген жок. Парламент Текебаев кармалганда кезексиз жыйынга чогулбай койгон, минтип Маевский кармалган соң Текебаевдин күнөөсүз экенин айткандар жайнап чыга келди. ЖМКларга жарыяланган маалыматка таянсак, Маевскийге буга чейин "алдамчылык" боюнча да кылмыш иши ачылып, бирок жазага тартылбай калган. Ал "Юнитайл" компаниясын жетектеп турганда алдамчылык жолу менен башка компаниянын 59 миллион рублун тартып алган деп күнөөлөнгөн. Ушундай адамдын Текебаевдин үстүнөн арыз жазышы шектенүү жаратканы бекер эмес экен. Маевскийдин Орусияда кармалышы Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралышы керек деген пикирлерге салмак кошту. Буга чейин прокуратурадан Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароого негиз жок деген жооп болгон. Маевскийдин кармалышы менен ишти кайра кароого олуттуу негиз түзүлгөнүн Жогорку Кеӊештин депутаттары да айта башташты. Коомчулук бул ирет Башкы прокуратурадан кандай жооп болорун күтөт...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель телеканалына маек берди, анын үзүндүсү бүгүн интернет желесине жарыяланды. Анда Атамбаев 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы деп юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган файл боюнча комментарий берди.
"Бул бухгалтерияны билген штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүн алып башка өлкөгө чыгып кетти. Ал өз өмүрү үчүн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түштү. Бул документ тууралуу билгендер өз өмүрлөрүнөн коркуп жатышат. Илмиянов камалбаса, бул маалымат чыгып кетмек эмес. Менимче, бул үй-бүлө чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгер бул каражат таза акча болсо, эмне үчүн сумманын баарын ачык көрсөтүшкөн эмес?" - дейт Атамбаев.
Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов Токтакунов жарыялаган маалымат, андагы фамилиялар жана расмий иш-чаралар чын экенин моюнга алып, бирок шайлоодо уюштуруу иштерин көзөмөлдөп, каржы иштерине аралашпаганын айткан. Ал эми президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева Токтакунов жарыялаган документти "фейк" деп атап, буга комментарий болбой турганын билдирди. Ал эми бул файлды фейк эмес, реалдуу документ дегендер дагы көп. Телеканалдагы маегинде Атамбаев да Токтакунов жарыялаган маалымат чын экенин моюндап, бирок бул ишке өзүнүн тиешеси жоктой түр көрсөтүүдө. Экс-президент Атамбаев азыркы бийлик туура эмес жолго түшкөнүн айтканы менен, бул бийликти түптөөдөгү өзүнүн салымын айтпай жатат. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков ал кездеги президенттин, КСДП партиясынын сунушу менен талапкер болуп чыгып, жеӊишке жетти. Мыйзам кыйшаюусуз аткарылган өлкөлөрдө туура эмес иштери үчүн бийликте турган президенттер кызматтан алынат, сот жообуна тартылат. Мисалы, Түштүк Кореянын 24 жылга эркинен ажыратылган президенти Пак Кын Хэнин абалы. Кыргыз мыйзамы иштечү болсо азыркы абал экс-президент Атамбаевге да, азыркы президент Жээнбековго да уйку бермек эмес...
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп көз жумду. Анын жансыз денеси Баткен шаарына жакын жерден табылган. Кылмышка шектелип Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.Калыков кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча 2 кылмыш иши ачылып, териштирүү иштеои башталды. 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов буга чейин Талас шаарынын прокурору болуп иштесе, ушул жылдын май айынан бери Баткен облусунун прокурору болуп иштеп келе жаткан. Айрым маалыматтарда Мамажакыпов каза болордон 1 күн мурун бир нече райондун прокурорлору менен бирге аӊчылыкка кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келбегени айтылып жатат. Баткен облустук милициясы прокурордун өлүмүнө шектелип жаткан адам менен анын ортосундагы чыр себеп болгонун жарыялап, бирок кеӊири маалымат берген жок. Прокурордун өлүмүнүн чоо-жайын териштирүү үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге иш сапары менен барып, кол алдындагы кызматкерлери менен жабык эшик артында жыйын өткөргөнү белгилүү болду. Бүгүн Баткен облустук прокуратурасынын жетекчисинин 2 орун басары, бул органдагы 2 бөлүм башчы жана Баткен райондук прокурору иликтөө иштери бүткөнгө чейин деп убактылуу кызматтан бошотулушту. Прокурордун өлүмү түрдүү жоромолдор менен коштолууда. Жакында Лейлек районунун Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин төрагасы Кубаныч Баяновду бирөөлөр атып кетишкен. 32 жаштагы депутат 1 аптадан кийин каза болду, кылмышка шектүү дале кармала элек. Мамлекеттик кызматкерлерге байланышкан мындай окуялар жергиликтүү бийлик криминалдашып кеткенинин белгисиби? Прокурордун өлүмүнө шектелип жергиликтүү чиновниктин кармалганы ушундай жоромолго түртөт...