Мушкер Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы түнкү клубдарды жабуу керектигин айтып чыкты

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы түнкү клубдарды жабууну колдоорун айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Махачкаладагы түнкү клубдардын биринде Орус гвардиясынын офицери атып өлтүрүлгөн.

"Мен түнкү клубдардын жабылуусун колдойм. Менин мекендештериме суроо: Сиздерге түнкү клубдар кандай пайда алып келет?" деген билдирүү жазып, белгилүү дагестандык блоггердин түнкү клубдарды жабуу керек деген видеосун тиркеп койгон.

Айта кетсек, Махачкала шаарында "Best" түнкү клубунда мас абалдагы балдарды ажыратып жаткан офицер ок тийип каза болгон. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kairat1996
2018-11-19 16:18:56
Ары жок Хабиб. Башка кылаар иши жок бекен. Озу барбаса эле башкасы да барбаш керек дегени го. Жаштар конул ачат, ырдайт, бийлейт. Бул дагы бир моралист болуп алды окшойт.
-25
rustin13
2018-11-19 16:22:18
Kairat1996,олтурот бирин бири кошуп кой.
+8
Ruslan_d
2018-11-19 16:32:13
Азаматсын Хабиб.
+16
Firdaus-Muslim
2018-11-19 16:51:36
Туура пикир айтыптыр, кана эми биздин Кыргызстан өлкөбүздө да түнкү клуптар жабылса жакшы болот эле. Бул менин жеке пикирим.
+17
bond02
2018-11-19 17:54:06
Туура кылат, андан коро залга барышсын.
+7
Chagylgan2
2018-11-19 18:48:13
Туура, тунку клубдарды жабуу керек.
+7
Tyty1990
2018-11-19 19:18:52
Түнкү клуб шайтандын үйү.
+7
filis
2018-11-19 19:19:30
Хабибтин акылы ушуга жетиптирби. Калп эле эл козуно жакшы корунгусу келип жатабы, ары жок. Элге анча мынча аты чыгып калса эле озун акылдуу сезе баштаган окшойт да. Андай кыйын экен, акчасына мектеп салып, элдин билимине салым кошпойбу. Жаап салса, жаштар конул ачкандын ордуна ар кайсы диний секталарга кирип кетишет, аягы радикалдашат кылаарга иштери жоктор.
-6
Bolunbo.kyrgyz
2018-11-19 20:28:15
filis,ХХХХХХХХ сен апаңды эрчитип алып бар ошо жакта карындашын кыздарын атаң менен катынды энен менен бийлеп жүрө бер
+1
filis
2018-11-19 21:45:11
Bolunbo.kyrgyz,
Апамды, карындашымды, атамды, байкемди, эжемди тойго, концертке, клубка ээрчитип бара берем. Себеби ырдашсын, кулушсун, бийлешсин, конулдорун коротушсун. Ар кайсы Ислам диний секталарга кирип алып мээси айланып, кудай жонундо жомоктоду угуп, радикалдашып жургондон коро, лучше концертке барып, ыр угуп, конул которгондору мен учун жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан