Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Бишкек шаарынын Учкун кичи районунун Ауэзов көчөсүндө (Аламүдүн-1 кичи районуна жакын жерде) КамаАЗ үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Андан жабыркагандар жок. Кырсык болгондо өрт өчүрүү кызматына кабарланды. Бирок өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин КамАЗ дээрлик күйүп бүтүп калды", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.