CNN`дин кабарчысы Жим Акоста сотто президент Дональд Трампты жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кабарчы менен президенттин соттошуусу 6-ноябрдагы АКШда өткөн маалымат жыйындагы кайым айтышуудан улам башталган. Анда парламенттик шайлоонун артынан журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөн президент Дональд Трамп мигранттар жана Орусия маселеси боюнча суроо берген CNN`дин кабарчысы менен кайым айтышып кеткен.
Президенттик аппарат журналисттин жыйындагы жүрүм-туруму эрежеге дал келбейт деген жүйө менен аны аккредитациясынан ажыраткан.
Ал эми соттун жыйынтыгында Федералдык судья Тимоти Келли АКШнын Ак Үйүн аталган журналистке аккредитациясын кайтарып берүүгө милдеттендирди.