Токмок шаарынын 52 жаштагы тургуну Фарида Раимова 1 бөлмөлүү үйүн 60 миң сомго сатып жиберип мектеп курагындагы эки кызы менен барарга жер таппай жатканын айтып, SUPER.KG'ге кайрылды. Өзүнүн айтымында, ушул жылдын 30-октябрында Токмок шаардык сотунун чечими менен 1-кичи райондогу үйү Улан Байкабылов аттуу тургунга өткөрүлүп берилди.
"Бир нече жылдан бери мамлекеттик ишканалардын биринин короосун шыпырып жүрүп, үч-төрт жыл мурун мамлекет тарабынан 1-кичи райондогу жатаканадан бир бөлмөлүү үй берилген. Ага чейин азыр жашап жаткан үйдүн жанындагы үйдө убактылуу жашап жүргөм. Бирок ошол учурда сууга карыздарым бар болгон. Ал улам көбөйүп отуруп 6-7 миң сомго чыгып кеткен. Андан башка да азыраак карызым бар эле. Аны жабуу үчүн жана Чүй облусундагы интернаттардын биринен бир бөлмөлүү үй алсамбы деп үйдү Улан Байкабылов аттуу жаранга саткам. Бирок карыздарга кеткен акчадан сырткары колума 100 миң сом бермекчи болгон. Апасы да келип "балдар колуңузга 100 миң сом берет жана карыздарыңыздан кутулат" деп айтып кеткен.
Тилекке каршы, колума болгону 60 миң сом берип коюшканда үйдү бербей турганымды айтып чыктым. Мындан улам Байкабылов Токмок шаардык сотуна кайрылып, мени соттон утуп алды. Ишти Руслан Абдрахманов аттуу судья карады. Кийин калган акчаны бир беребиз, кайра бербейбиз деп жатып Каттоо кызматы аркылуу үйдү өз атына жаздырып алды. Кол койбой койсом болмок экен. Үй өзүнө өткөндөн кийин 40 миң сом эмес, 40 тыйын бербейбиз деп чыгышты. Соттун чечимине ылайык, үйдү 30-ноябрда бошотуп беришим керек болуп жатат. Колумда 4 жана 6-класста окуган эки кызым бар. Эми аларды кайда алып барып жан багам? Байкабылов менин сабатсыздыгымдан пайдаланды. Ошол учурда жолдошум дагы үйдөн кетип калган болчу. Ага да түйшөлүп жатып кандай алданганымды билбей калдым. Болбосо үч бөлмө кылып туруп сатсам 300 миң сомго сатмак экенмин. Анткени бөлмөнүн ичи чоң.
Эми облустук сотко арыз берүүгө камынып жатам. Облустук сот болгону 40 миң сом өндүрүп берсе болот. Андан кийин кыздарымды алып дагы бир жакка иштегенге кетем", - деп кайрылды Раимова.
Биз үйдү сатып алган Улан Байкабылов менен байланышып, бирок Арслан аттуу инисинин жообун уктук. Ал Фарида Раимованын айткандары жалган деп, бирок үйдү канча суммага сатып алганын айтуудан баш тартты.