Азимбек Бекназаров: "Курултайга катыша турган саясий уюмдар 20 миң сомдон акы төлөйт"

24-ноябрда элдик курултай өтөт. Ага келе турган делегаттардын чыгымдарына саясий партиялар 20 миң сом, коомдук уюмдар 10-15 миң сомдон чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Курултайды өткөрүүгө убактылуу эсеп ачылганын Бекназаров айтты.

Бизди эч ким каржылаган жок, өзүбүздү-өзүбүз каржыладык. Учурда 30дан ашык уюм 15-20 миң сомдон төлөм төлөштү. Ашар жолу менен курултайды өткөргөнү жатабыз. Тактап айтсак, экс-депутат Асия Сасыкбаева 15 миң сом, "Ата-Журт" партиясы 20 миң сом, "Замандаш" партиясы 20 миң сом, "Аалам" партиясы жана башка саясий уюмдар взнос (акы) төлөштү. Бийлик бир гана Кыргыз драма театрынын имаратын алып берүүгө жардам берди”, - дейт Бекназаров.

Жалпысынан 54 коомдук саясий уюмдар курултайды уюштурууга мүчө болушкан.

"Айрым саясий уюмдар акы төлөшкөн эмес, алар өздөрүнүн делегаттарын алып келе алышпайт. Бирок өздөрү курултайга катышат. Ал эми курултайга 20 миң сомдон акы төлөгөндөргө 20дан орун берилди. Делегаттар аймактардан келбейт, аларды ар бир саясий партия, коомдук уюм өзү аныктайт" - деп билдирди Азимбек Бекназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан